Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 67 миңге жакындады
16 ноябрь 2020

Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 67 миңге жакындады

16-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 66 миң 983 кишиге жетти.

Эпидемияга каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 15-ноябрдан 16-ноябрга караган бир суткада коронавирус жуккан жаңы 479 учур катталган.

Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Бул жакта 169 бейтаптан коронавирус аныкталган. Азыр стационарда 3 миң 318 бейтап дарыланып жатат. Ал эми 3 миң 972 киши амбулатордук негизде дарыланууда.

Бир суткада коронавирустан дана ооруканадан тышкаркы пневмониядан 474 киши айыкты. Ал эми жалпысынан 57 миң 321 киши оорудан сакайды.

Ошондой эле, бир суткада үч киши коронавирустан каза болду. Эпидемия башталгандан бери 1 миң 199 киши илдеттен көз жумду.