Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды
21 декабрь 2020

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Салтанаттуу иш-чара Бишкектен 40 чакырым алыстыктагы Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулар катышты.

«Биз бардык чек араларды ачтык, чартердик рейстерди уюштурабыз, айрыкча Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан, анткени ал жактан туристтер көп келишет. Биздин маанайыбыз сонун, аба ырайы сонун, быйыл сонун туристтик сезон болот деп айтууга болот, мен баардыгын чакырам», — маданият министри.

Министрлик кышкы туризм өлкө экономикасынын маанилүү тармактарынын бири экенин, андыктан ушул багытта бир топ иштерди жүргүзүү пландаштырылып жатканын белгиледи.