
Кыргызстандыктар самбо боюнча Дүйнө кубогунда 12 медалга ээ болушту
Кыргызстандыктар А.Харлампиев атындагы мемориалдык самбо боюнча Дүйнөлүк Кубокто 12 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргыз самбо федерациясынын сайтында кабарланды.
Турнир 18-19-декабрь күндөрү Москва шаарында өттү.
Мелдештин жүрүшүндө эркектер жана аялдар арасында спорттук самбо боюнча, ошондой эле күжүрмөн самбо боюнча 27 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыргыз курама командасы алтын медалга ээ боло алган жок, анткен менен төрт «күмүш» жана сегиз коло медалга ээ болушту.