Орус тили Кыргызстанда расмий макамда калат
28 ноябрь 2020

Орус тили Кыргызстанда расмий макамда калат

Кыргызстандагы орус тилин расмий макамдан ажыратуу сунушу четке кагылды. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Урмат Аманалиев маалымат жыйынында билдирди.

Коомдук ишмер Садирдин Төралиев Баш мыйзамда мамлекеттик кыргыз тилин гана калтыруу сунушу менен чыккан. Ал өзүнүн демилгесин кыргыз тилин сактоо зарылдыгы менен негиздеген.

Төралиев ошондой эле кыргыз жарандары англис тилин көбүрөөк билиши керектигин, ал эми орус тили менен кыргыз жарандары «байланган иттей болуп отурушарын» айткан.

Бирок, бул сунуш Конституциялык кеңешмеде колдоо тапкан жок. «Орус тили расмий тил бойдон калат. Тиешелүү норманы алып салуу жөнүндө маселе көтөрүлдү, бирок биз аны калтырдык», — деп жыйынтыктады Аманалиев.

Бул чечимди Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов колдоого алды. «Мен Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн кыргыз тилин мамлекеттик тил, ал эми орус тилин расмий тил катары бекитүү чечимин кубаттайм», — деген Мамытовдун сөзүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.