Торобаев Бакыт Эргешович
21 апрелб 2022

Жалгандын дагы чеги болуш керек!

Соңку күндөрү социалдык тармактардын кыргыз сегментинде айыл чарба жана кайра иштетүү ишканаларына жеңилдетилген насыялар “мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттардын компанияларынын арасында бөлүштүрүлүп жатат” деген такталбаган маалыматтар тарап жатат.

Насыя алды  деген компаниялардын тизмесинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаевге тийешеси бар делинген "Мариям Ош" жана "Дан Юг" компаниялары дагы бар деп айтылууда.

Мындан улам тараган маалыматтардын чын-төгүнүн тактап, маселени иликтеп көрдүк.

Инстаграм социалдык тармагындагы dastan.ergeshev аккаунту жайгаштырган  документтердин  скриншотторуна ылайык, «Мариям Ош» жана «Дан Юг» компаниялары  Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрине, « РСК Банк» жана «Айыл Банк»  акционердик коомдорунун жетекчилерине  2022-жылдын 15 – апрелинде  кат менен кайрылган. Бул каттарга ылайык, аталган компаниялар  «Агроөнөр жай комплексин кластердик насыялоо» долбоорун колдоорун билдиришкен.

Бирок, бул долбоордун алкагында бөлунгөн  насыяларды алуудан баш тартышкан.  

Каттардын скриншоттору тиркелет.

Көрсө, насыяларды  “жеңилдетилген” түрдө бөлүштүрүүнүн айланасында түзүлгөн маалыматтык ызы - чуу азыркы бийликти, депутаттарды, Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүн каралоо үчүн кимдир-бирөө тарабынан атайын уюштурулган “кара” пиар катары кабыл алса болот.