Президенттикке талапкерлердин бири шайлоо жарышынан чыкты
9 декабрь 2020

Президенттикке талапкерлердин бири шайлоо жарышынан чыкты

Кыргызстандын БШКсы президенттикке талапкер Кубанычбек Токтосуновду колдогон 902 кол тамганы жараксыз деп тапты. Буга чейин ал аны колдогондордун 30 106 кол тамгасын тапшырган. Ар бир президенттикке талапкер жок дегенде 30 миңден кем эмес кол тамгаларды тапшырышы керек болчу.

Буга чейин экономист Кубан Чороев да жарыштан чыгып калганы белгилүү болгон. Азырынча 18 талапкер калды. БШК талапкерлерди 14-декабрга чейин каттайт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.