Дамир Мусакеевдин иши кайра кароого жөнөтүлдү
9 декабрь 2020

Дамир Мусакеевдин иши кайра кароого жөнөтүлдү

Кыргызстандын Жогорку Соту УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-башчысы Дамир Мусакеевге карата кылмыш ишин карап, буга чейинки өкүмдү жокко чыгарды. Жакынкы 10 күндүн ичинде иш биринчи инстанциядагы соттун кароосуна жөнөтүлөт.

Коргоочу баш коргоо чарасынын өзгөрүшүнө жетишүүгө үмүттөнөт. Буга чейин Мусакеев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 5 жылга эркинен ажыратылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, УКМКнын Тогузунчу кызматын 2016-2017-жылдары жетектеп тургунда кызматтык батирлерди жакын көргөн кызматкерлерге мыйзамсыз бөлүштүрүп берген.