Парламент референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
9 декабрь 2020

Парламент референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Добуш берүүгө 63 депутат катталган. Ошол эле учурда, төрт депутат каршы болушту: Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Евгения Строкова жана Дастан Бекешев.

Вице-спикер Мирлан Бакиров документке депутаттардын көпчүлүгү добуш бергенин айтты. Эске салсак, бул документ аркылуу кыргызстандыктарга парламенттик же президенттик башкарууну тандоо сунушталат. Өткөн жумада депутаттар кворум чогулта албай калгандыктан, добуш берүүнү кийинкиге жылдырууга туура келген.