Акжол Махмудов Белграддагы Дүйнө чемпиондугуна барат
28 ноябрь 2020

Акжол Махмудов Белграддагы Дүйнө чемпиондугуна барат

Спортчу 2018-жылдын күз айынан бери расмий турнирлерге катышкан эмес. Бул жолу ал 77 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашат.

Андан тышкары, ушул салмактагы Кыргызстандын учурдагы чемпиону Кайрат Түгөлбаев 82 килограммга чейинки категорияда күч сынашат.

Жалпысынан классикалык күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы 9 адамдан турат.

Олимпиада жылында Дүйнө чемпионаты олимпиадалык эмес категорияларда өткөрүлүп келген, бирок Олимпиаданын 2021-жылга жылдырылышына байланыштуу, UWW толук кандуу Дүйнө чемпионатын өткөрүүнү чечкен. Мындан тышкары, спорттун бул түрү боюнча алдыңкы өлкөлөр пандемияга байланыштуу турнирге катышпайт. Ушундан улам Дүйнө чемпионаты Жеке Дүйнөлүк Кубок деп аталды.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы:

55 кг чейин — Балбай Дордоков

60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков

63 кг чейин — Калый Сулайманов

67 кг чейин — Халмурат Ибрагимов

72 кг чейин — Руслан Царев

77 кг чейин — Акжол Махмудов

82 кг чейин — Кайрат Түгөлбаев

87 кг чейин — Атабек Азизбеков

97 кг чейин — Узур Жусупбеков

Башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев

Улук машыктыруучу — Улукбек Карачолоков