Мамытов: Россия Кыргызстанга көптөгөн маселелер боюнча жардам берүүгө даяр
10 декабрь 2020

Мамытов: Россия Кыргызстанга көптөгөн маселелер боюнча жардам берүүгө даяр

Россия көптөгөн маселелер боюнча Кыргызстанга жардам берүүгө даяр. Мындай билдирүүнү президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрда Россияга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында жасады.

Мамытовдун айтымында, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында жакшы натыйжаларга жетишилди.

Атап айтканда, Кыргызстандын айрым жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган — «кара тизме», мигранттардын көйгөйлөрү, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуудагы кыйынчылыктар жана авиабилеттердин кымбаттыгы талкууланган.

Володин Россия тараптын бул маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген, тийиштүү келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.