Өзбекстан менен Кыргызстан автобус каттамдарын калыбына келтирет
10 декабрь 2020

Өзбекстан менен Кыргызстан автобус каттамдарын калыбына келтирет

Өзбек бийлиги коронавирус пандемиясынын айынан токтотулган Кыргызстан менен жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустардын каттамын жандандырууну көздөп жатат.

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы автобус каттамдарын калыбына келтирүү маселеси Кыргызстандын премьер-министринин м.а. Артём Новиков менен Өзбекстандын инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун жолугушуусунда каралгандыгын тактады.

«Тараптар макулдашылган автобус каттамдары боюнча эл аралык жүргүнчү ташууну жандандыруу боюнча биргелешкен чараларды ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти», — деп министрликтен маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө, ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол коридорун ишке киргизүү жана пайдалануу боюнча тыгыз кызматташтык жөнүндө чечим кабыл алынды.

Тараптар ошондой эле Анжиан — Ош — Эркечтам — Кашкар унаа жолунун Кытайдан Европага Борбор Азия мамлекеттери аркылуу мультимодалдык жүк ташуу тутумунда натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.