Путинге кат жазган Бишкек шаарынын окуучусу Тула пряниктерин белекке алды
21 декабрь 2020

Путинге кат жазган Бишкек шаарынын окуучусу Тула пряниктерин белекке алды

Кыргызстандык жети жаштагы мектеп окуучусу Рустам Ташматов орус кондитерлеринен Тула пряниктерин алды. Бул тууралуу анын атасы Алишер Ташматов Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бала достору менен пенсионерлерге алган таттууларды тартуулаган. Жалпысынан уулу 100дөн ашуун адамды сыйлаган. «Мындай күтүүсүз сюрприз үчүн Россиянын кондитерлерине рахмат», — деп жазган Ташматов.

Эске салсак, бир нече күн мурун бала Россиянын президенти Владимир Путинге кат жазып, анда ал Россиянын лидеринен өзүнүн кыялын орундатууну суранган: аны «Газпромдун» же «Роснефтьтин» акционери кылууну каалаган. Мындан тышкары, бала Тула пряниктерин сынап көргүм келет деп жазган.