Кыргызстандагы президенттик шайлоого 120 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү
22 декабрь 2020

Кыргызстандагы президенттик шайлоого 120 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү

Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 21-декабрдагы жыйынында Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары ар кандай миссиялардын 42 өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Ошентип, 2020-жылдын 21-декабрына карата БШК 15 эл аралык уюмдун өкүлү болгон дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн 120 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын 34ү КМШ ПААнын, 28и — КМШнын миссиясы, 34ү — ЕККУ ДИАУБ, 6сы — ТМКК миссиясы, 4ү — Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигиен өкүлдөр. Россиянын, Азербайжандын жана Монголиянын Кыргызстандагы элчиликтери экиден өкүл жиберет. Ошондой эле Өзбекстандын БШКсы жана Молдованы БШКсы дагы экиден киши жиберет. Бирден өкүл Россиянын БШКсынан, Азербайжандын БШКсынан, К.Аденауэр Фонду, Ханнс Зайдель Фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү жана Эл аралык Шайлоо Системалары Фондунан (IFES) өкүлчүлүгүнөн аккредитацияланган.