Жапаров алдыда. Бюллетендерин 99%ы саналды
14 январь 2021

Жапаров алдыда. Бюллетендерин 99%ы саналды

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 2474 шайлоо участогунун 2450сүндөгү бюллетендердин 99%ы колго саналгандан кийин дагы деле алдыда.

БШКнын маалыматы боюнча, Жапаров 79% менен алдыда келе жатат жана шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, ага 1,1 миллиондон ашуун жаран добуш берген.

Экинчи орунда Адахан Мадумаров 6,74% (94,4 миң добуш) менен турат.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум (президенттик же парламенттик) өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,19% добушуналды, башкаруунун президенттик формасын добуш бергендердин 80%ы колдоду.