Президенттик шайлоого карата 3,5 миллион бюллетень басылды
Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум үчүн 7 миллион 134 миң 276 бюллетень даярдалды.
Өлкө башчысын шайлоо үчүн 3 миллион 567 миң 138 бюллетень басылып чыккан (4 948 — Брайл арибинде), деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.
Референдум үчүн бюллетендер дагы ушундай эле санда.
Бюллетендердин саны шайлоочулардын «Тизме» порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелген. Шайлоочулардын саны 3 миллион 556 миң 864.
БШК мыйзамга ылайык, бюллетендердин саны шайлоочулардын санынан 0,1% ашпашы керек деп түшүндүрдү.
Басмакананын ишин Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу көзөмөлдөп, коопсуздукту УКМК менен ИИМдин кызматкерлери камсыз кылышкан. Референдум үчүн көк түстөгү бюллетендер, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого карата түзсүз даярдалды.