Кыргызстанда аткаминерлердин саны 10%га азайылат
18 ноябрь 2020

Кыргызстанда аткаминерлердин саны 10%га азайылат

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 10%га кыскарат. Бардык аткминерлер кайрадан аттестациядан өтүп, жаңы кадрлар сынактын негизинде гана кабыл алынат.

Мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссияны жетектеген өкмөттүн аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаевдин айтымында, мамлекеттик мекемелердин башчыларына өздөрү жетектеген мекемелерди оптималдаштыруу, штаттык бирдиктерди кыскартуу жана чыгымдарды азайтуу боюнча планды 20-ноябрга чейин тапшыруу тапшырылды.

«Бир-бирин кайталаган министрликтер менен ведомстволор болбойт, ал эми алардын иши натыйжалуу болот. Биз бардыгын иретке келтиребиз жана конституциялык реформадан кийин жаңы курам, жаңы түзүм менен экономиканы жана башка тармактагы көйгөйлөрдү калыбына келтирүү боюнча иш алып барабыз», — деди Бакыт Аманбаев

Мамлекеттик аппаратта иштегендерди кыскартуу менен калган кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүп, жаш жана таланттуу адистерди жумушка тартууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда 18 миңге жакын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар.