
Депутаттар референдум өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты
Жогорку Кеңештин депутаттары башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алышты. Мындай чечим 10-декабрдын кечинде кабыл алынды. Референдум өткөрүүнү 63 депутат колдоду. 4 депутат каршы добуш берди. Алар: Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко.
Эми кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасын тандап алышы керек. Мыйзам долбоору эки күндүн ичинде кабыл алынды. Биринчи окуу 9-декабрда болгон.