Кыргызстандын бокс боюнча чемпиондору аныкталды
30 ноябрь 2020

Кыргызстандын бокс боюнча чемпиондору аныкталды

Бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдеш 2020-жылдын 23-ноябрынан 28-ноябрына чейин өттү.
Жеңиш үчүн 120 спортчу күч сынашты: Кыргызстандын бардык аймактарынан 8 аял жана 112 эркек келген.

Аялдар арасында 57 килограмм салмакта бишкектик Шахриса Халилова, 60 килограммда Баткен облусунан келген Бегайым Акбалаева жеңүүчү аталды.

Эркектер арасында ар кандай салмак категориялары боюнча чемпиондор — Мирлан Түркбай уулу, Азат Үсөналиев, Акылбек Эсенбек уулу, Мирзохид Имамназаров, Дмитрий Пучнин, Сыргак Абдыжапар уулу, Өмүрбек Бекжигит уулу, Рустам Ырысбек уулу, Бекболсун Токтосун уулу.

Мындан тышкары, чемпионаттын жүрүшүндө мыкты мушкер, мыкты машыктыруучу жана мыкты калыс тандалды.