«Алар өлкөнү толкундатууну каалашат» — бийлик Бишкектеги нааразычылык акциясына реакция кылды
3 январь 2021

«Алар өлкөнү толкундатууну каалашат» — бийлик Бишкектеги нааразычылык акциясына реакция кылды

Президенттин администрациясынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кезектеги «мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшүнүн» уюштуруучулары өлкөдөгү кырдаалды толкундатууга аракет кылып жатканын билдирди. Анын айтымында, буга чейин бийлик марштын катышуучуларынын бардык талаптарына жооп берген. Айрыкча, Кыргызстандагы президенттик шайлоого айрым талапкерлердин катышуусу боюнча түшүндүрмөлөр берилген.

Буга байланыштуу Анаркулов нааразычылык акциясынын уюштуруучуларын атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу менен элди адаштырбоого үндөдү.

Мындан тышкары, президенттин аппараты референдумга даярдануунун алкагында президенттик республика үчүн жана ага каршы өнөктүк жүргүзгөн топтор катталганын эске салды.

«Ачыгын айтканда, кыйратуучу күчтөр учурдагы саясий кырдаалдан пайдаланып, өлкөнү толкундаткысы келет. „Мыйзамдуулук үчүн тынчтык маршы“ деп аталган иш-чаранын уюштуруучулары коомго туура эмес маалымат берүүнү токтотушу керек. 10-январда эл чагымчылардын артынан ээрчибестен, өз тандоосун жасашы керек», — деп баса белгиледи Нургазы Анаркулов.