Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы 4-Ысык-Көл форуму ачылды
11 декабрь 2020

Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы 4-Ысык-Көл форуму ачылды

Бишкекте «Мамлекеттик жана саясий ишмер Чыңгыз Айтматов» деген темада 4-Ысык-Көл форуму ачылды. Анын катышуучулары Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын видео кайрылуусун угушту. Түрк лидеринин айтымында, Айтматов түрк элдеринин тарыхына чоң салым кошту, айрыкча анын чыгармалары дүйнөдөгү түрк тилдүүлөрдү бириктирип турат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түрк тараптын өкүлдөрүнө бул иш чарага көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди. Министр өлкөнүн тарыхында Чыңгыз Айтматов сыяктуу легендарлуу адам болгонуна жана боло берээрине сыймыктанарын баса белгиледи.