Сурамжылоо: «Кыргыз Элимдин» окурмандарынын 64%ы президенттик республиканы колдошот
23 декабрь 2020

Сурамжылоо: «Кыргыз Элимдин» окурмандарынын 64%ы президенттик республиканы колдошот

«Кыргыз Элим» порталы парламенттик жана президенттик республиканын тандоо боюнча сурамжылоону аяктады. «Эгерде референдум кийинки жекшембиде өтсө, анда сиз Кыргызстан үчүн кандай башкаруу формасын тандайсыз?» деген суроого респонденттердин 64% «Президенттик Республика» деп жооп беришкен.

Дагы 16.6%ы парламенттик республикага добуш берди. 10,7%ы бардык варианттарга каршы болгон. Сурамжылоого катышкандардын 8,7%ы жооп берүүдө кыйналган.

Сурамжылоого жалпысынан 3036 адам катышкан. «Кыргыз Элимдин» окурмандары өз жоопторун 2021-жылдын 16-декабрынан 21-декабрына чейин беришкен.