Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Ташкенттеги турнирде 11 медалга ээ болушту
30 ноябрь 2020

Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Ташкенттеги турнирде 11 медалга ээ болушту

Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасы лицензияланган Өзбекстандын ачык кубогунда 11 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалпысынан спортчулар 3 алтын, 5 күмүш жана 3 коло медаль утушкан. Жалпысынан турнирге Кыргызстан, Чехия жана Өзбекстандан 300 спортчу катышкан. Кыргызстандын намысын алты спортчу коргоду.

Денис Петрашов брасс стилинде 50 жана 100 метр аралыкта алтын, ал эми 200 метрлик аралыкта коло алды.

Елизавета Рогожникова чалкалап сүзүү боюнча 200 метр аралыкта алтын, 100 жана 50 метр аралыкта менен 200 метрлик комплексте күмүш медалдарды алды. 50 метрлик эркин стилде колого ээ болду. Ал эми 50 метр аралыкка чалкалап сүзүү боюнча күмүш утуп, Кыргызстандын рекордун жаңылады.

Рамазан Омаров фристайл түрүндө 1500 жана 800 метр аралыкта экинчи орунду ээледи. Ошондой эле, ал КРдин жаңы рекордун койду.

Тенгиз Тюбеев 1500 метр аралыкка эркин стилде сүзүү боюнча коло медаль жеңди.