19 ноябрь 2020

«077» Кыргызстандагы эң популярдуу унаа номери

Кыргызстандын айдоочулары көбүнчө «077» сандары катышкан номерлерди тандашат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Дал ушул сандар айкалышкан 599 унаа номери сатылды. «707» сандары катышкан номерлер экинчи орунда. Аны 598 айдоочу тандаган.

Ал эми 055 сандары айкалышкан номерлерден 583 даана сатылган. Андан сырткары 505 деген сандар бар номерлердин 553ү сатылган.
Алдыңкы ондукка кирген номерлердин рейтинги мындай:

011 — 553 даана сатылды;
101 — 545 даана сатылды;
088 — 541 даана сатылды;
808 — 540 даана сатылды;
515 — 534 даана сатылды;
717 — 533 даана сатылды.

Эске салсак, үч орундуу мамлекеттик номурлар Кыргызстанда 2016-жылдан бери чыгарыла баштаган. Кыргызстандыктар өзгөчө айкалыштагы номерлерди гана эмес, тамгаларды да сатып ала алышат.