УКМК Матраимовдун иши боюнча түшүндүрмө берди
30 ноябрь 2020

УКМК Матраимовдун иши боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун иши боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирди. Буга катар ушундай көрүнүштөргө катышкан айрым бажы кызматкерлеринин аракеттеринен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп жатат, деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. УКМК тергөө иштери боюнча коомчулукка маалымат берип турарын билдирди.

Эске салсак, буга чейин Матраимов мамлекеттик бюджетке 2 миллиард сомду кайтарып берүүнү убадалаган. Акча 1-декабрга чейин которулушу керек. Ошол эле учурда, 27-ноябрда анын 661,2 миллион сом кайтарып бергени белгилүү болду. Акча президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык мунапыс программасынын алкагында кайтарылып берилет.