Адвокат: Жакында Атамбаев боштондукка чыгышы мүмкүн
30 ноябрь 2020

Адвокат: Жакында Атамбаев боштондукка чыгышы мүмкүн

Жакында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочу мындай тыянакка Жогорку Соттун соттук коллегиясы кримавторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча соттун өкүмүн жокко чыгаргандан кийин келген. Иш кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Ошол эле учурда, бөгөт коюу чарасы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Анткен менен ал автоматтык түрдө жокко чыгышы керек.

Слесарев Жогорку Соттун соттук коллегиясынын документтештирилген чечими Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка келгенден кийин, Атамбаев бошотулат деп күтүүдө. Мындан тышкары, адвокат Атамбаевге байланыштуу эки чечим болгонун эске салды. Биринчиси Батукаевдин ишине байланыштуу, ага ылайык экс-президент тергөө абагында отурушу керек болчу. Экинчиси 2019-жылы август окуялары тууралуу. Ага ылайык, Атамбаев үй камагында болушу керек.

Эскерте кетсек, буга чейин Атамбаев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган.