Активисттер БШКга президенттикке талапкерлердин үстүнөн арызданышы
30 ноябрь 2020

Активисттер БШКга президенттикке талапкерлердин үстүнөн арызданышы

Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын мүчөлөрү БШКга президенттикке талапкерлер — Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Бакытбек Жумагулов, Токтайым Үмөталиева, Бектур Асанов, Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков жана Садык Шер-Нияздын үстүнөн арыз менен кайрылышты. Шер-Нияз 30-ноябрда президенттик шайлоого катышпай турганын жарыялаган. Ал мындай чечимге Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин келген.

Коалициянын башчысы Эрик Ирискулбеков бул талапкерлер шайлоо өнөктүгү башталганга чейин маалымат жыйындарын өткөрүп жатат деп ырастоодо. Расмий түрдө шайлоо өнөктүгү 15-декабрда башталышы керек. Буга байланыштуу, Ирискулбековдун айтымында, БШК алардын аракеттерин текшериши керек.

Эскерте кетсек, БШК 14-декабрга чейин Кыргызстандын президенттигине талапкерлерди каттайт. Кийинки 2 күндө талапкерлер күбөлүгүн алат. Эгер аны каттоодон баш тартышса, бул боюнча билдирүү 24 сааттын ичинде келет. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.