Үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча 24 арыз түштү
24 декабрь 2020

Үгүт өнөктүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча 24 арыз түштү

Кыргызстандын жарандары президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштеринде мыйзам бузуулар жөнүндө 24 арыз беришкен. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал БШКга түздөн-түз 13 арыз түшкөнүн, алардын сегизин комиссия карап чыкканын тактады. Эки арыз добуштарды сатып алууга байланыштуу, бирөө бейбаштык фактысы боюнча, эки арыз жасалма үгүт материалдарын таратууга байланыштуу берилген. Калгандары үгүт өнөктүгүн бузуу эрежелерине байланыштуу болгон.

Комиссиянын төрайымы БШК билдирүүлөргө гана эмес, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөргө да жооп кайтарарын белгиледи.

«Азыр бир катар мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөр боюнча, тактап айтканда, мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери үгүт иштерине катышып жаткандыгы, белектерди, ат мингизүү фактылары ж.б. Төрт окуя боюнча оозеки эскертүү берилди. Бир факт тастыкталган жок. Ошондой эле, белектерди берүү фактысы боюнча, талапкер белекти кабыл албагандыгы жөнүндө бизге билдиришти», — деди ал.