Кыргызстанда жыл башынан бери ичип алып унаа айдагандарга 7740 айып салынган
24 декабрь 2020

Кыргызстанда жыл башынан бери ичип алып унаа айдагандарга 7740 айып салынган

Кыргызстандын аймагында ушул жылдын 11 айында мас абалында унаа башкарган 7740 факты аныкталган.

Республикалык ЖККББы билдиргендей, эреже бузгандардын унаалары айып короого токтотулуп, айдоочуларга протоколдор түзүлүп, 17 500 сом айып пул салынган.

Былтыр ушул эле мезгилде, айып короого 5464 унаа алып барып токтотулган.