Президенттин м.а. Мамытов Россияга үч күндүк иш сапары менен барат
1 декабрь 2020

Президенттин м.а. Мамытов Россияга үч күндүк иш сапары менен барат

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга болгон расмий сапары үч күн — 6-декабрдан8-декабрга чейин созулат.

Сапар Жогорку Кеңеш менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын ортосундагы парламенттик кызматташтыктын алкагында болот.

Буга чейин кыргызстандык кесиптешинин Москвага болчу иш сапары тууралуу Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин билдирген. Ал Талант Мамытов менен 7-декабрда жолугарын тактады.

«Буюрса дүйшөмбү күнү Россияга расмий иш сапары менен келгенде сиз менен көрүшөбүз деп ишенем. Биз көптөгөн маселелерди кененирээк талкуулай алабыз», - деди Володин Мамытовго кайрылып.