8 февраль 2021

Кыргызстанда инвесторлого туруктуу кирешени кепилдей турган инновациялык платформа иштеп баштады

Кыргызстандын каржы адистери тарабынан leasing.express сунушталды. Ал белгилүү болгон лизинг жана инвестиция каржы үлгүлөрүн бириктирип турган инвестициялык платформа. Улуттук рынок үчүн уникалдуу сунуштун жаратуучулары leasing.express кардарлары каржылык тобокелчиликтерди камсыздандыруу менен инвестицияланган каражаттардын өлчөмүнөн жылдык 24% ээ боло алат билдиришти. Долбоорго баштапкы салымдын эң төмөнкү көрсөткүчү 50 000 сом.

leasing.express платформасын иштеп чыккандар инвестициялоонун уникалдуу механизми иштелип чыккандыгын билдиришти: leasing.express платформасындагы инвестор банк депозиттерине салыштырмалуу кыйла көбүрөөк пассивдүү киреше алат, ал эми зайымчы ашыкча бюрократиялык баскычтардан өтпөстөн лизингге унааны же кыймылсыз мүлктү ала алат. Мында инвесторлордун баардык аманаттары күрөөлүк мүлк менен камсыздалган, мындан улам инвестицияларды кайтарып берүү кепилдиги, лизинг компаниясынын түзүүчүлөрү билдиргендей, 100%га толугу менен жакын. Кыргызстанда платформаны иштетүү тууралуу чечим улуттук каржы рыногун ар тараптуу талдагандан кийин жана платформанын максаттуу аудиториясынын негизги сегменттеринин өкүлдөрү менен сыноо топторун уюштургандан кийин кабыл алынган.

Каржы рыногунун эксперттеринин ою боюнча, мындай үлгү биржада ойноо үчүн керектүү чоң суммадагы каражаттарга ээ болбогон, бирок капиталга айлантуу мүмкүн болгон, эркин чогултулган каражаттары бар инвесторлордун арасында өтө көп колдонулуп, талап кылынышы мүмкүн. Каржы рыногунун эксперттеринин ою боюнча, инвестициялоонун мындай формасы кошумча пассивдүү кирешени алуу үчүн өтө ылайыктуу жана өтө чоң максаттуу сатып алуулар үчүн акчаны сактоочу виртуалдык сейф катары да колдонулушу мүмкүн.

«leasing.express инвестициялык сунушу 50 000 сомдон башталган суммадагы банк аманатына альтернатива издеген жана капиталга ээ болгон инвесторлор үчүн ылайыкталган. Бул каражаттар унаа насыясы жана ипотека келишимдери боюнча бериле турган жогорку ликвиддүү мүлктү сатып алуу үчүн инвестицияланат. Зайымчылар платформа аркылуу инвесторлорго чыгымдын ордун толуктоо менен пайыздуу төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Компания эң жогорку ликвиддүү жана кеңири белгилүү активдер — эконом-класс батирлери жана унаалар боюнча адистешкен», — деп leasing.express инвестициялар багытынын жетекчиси Максим Сыщиков сунуш тууралуу айтып берди.

leasing.express платформасын иштеп чыккандар билдиргендей, инвесторлордун каражаттары зайымчылардын мүлкү менен камсыздалган, муну көп жагынан банктык операциялар — классикалык лизинг жана күрөөлүк насыя менен салыштырууга болот. Мында, унаа насыясы келишими боюнча компания тарабынан берилген унаалар уурдап айдап кетүүдөн эң алдыңкы коргоочу каражаттар менен жабдылып, КАСКО жана ДОСАГО боюнча камсыздандырылат. leasing.express Бишкек шаарындагы бардык расмий автосалондор менен, ошондой эле «Ингосстрах» жана «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниялары менен кызматташкандыгы баса белгиленет.

Азыркы учурда, leasing.express инвестициялык сунушу Кыргызстандын бүтүндөй аймагы боюнча актуалдуу.

leasing.express компаниясы тууралуу:

leasing.express компаниясы — Бишкекте 2019-жылы Кыргызстандын жана Россиянын инвестициялык менеджмент жана унаалар лизинги тармагында чоң иш тажрыйбасына ээ каржы адистери жана эксперттери тарабынан түзүлгөн лизингдик компания.