УКМК Жогорку соттун төрайымына кылмыш ишин козгоду
24 декабрь 2020

УКМК Жогорку соттун төрайымына кылмыш ишин козгоду

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, аларда анын күнөөсүн далилдеген жетиштүү далилдер бар.

Ошол эле учурда Ташиев Калиеванын так кандай күнөөсү бар экендигин түшүндүргөн жок. Анын айтымында, иштин материалдары тергөөнүн сыры болуп саналат. Иш буга чейин Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын кароосуна берилген.

Эгер алар Жогорку соттун төрайымын жоопко тартууга макул болушса, ал 25-декабрда камакка алынышы мүмкүн.