Жогорку Сот Ташиевдин Калиеваны айыптоосуна жооп берди
24 декабрь 2020

Жогорку Сот Ташиевдин Калиеваны айыптоосуна жооп берди

Жогорку Сот УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Гүлбара Калиевага козголгон кылмыш ишине байланыштуу билдирүүсүнө комментарий берди. Алар сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринин бири болгон күнөөсүздүк презумпциясын сактоонун зарылдыгын эскеришти. Атап айтканда, адам күнөөсү далилденмейинче аны күнөөлүү деп атоого болбойт.

Мындан тышкары, Жогорку Сот Ташиевдин билдирүүсү бийликтин сот бутагынын беделин түшүрүп жаткандыгын баса белгиледи. «Сот бийлиги акыркы мезгилде сотко чейинки текшерүү жүргүзүлүп жаткан маселелерди коомчулукка алып чыккан аткаруу бийлигинин жана мыйзам чыгаруучу бийликтин өкүлдөрүнүн конструктивдүү эмес сын-пикирлерине жана айыптоолоруна көп кабылууда», — деп жыйынтыкталат таратылган билдирүү.