Атамбаев кийинки сот отурумуна чейин камакта болот
1 декабрь 2020

Атамбаев кийинки сот отурумуна чейин камакта болот

Кыргызстандын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин материалдары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлө электигин билдирди. Мындан тышкары, экс-президент Алмазбек Атамбаев иш биринчи инстанцияда каралмайынча камакта болору айтылды.

Документтер жакынкы 5 күндө өткөрүлүп бериле турганы күтүлүүдө. Атамбаевди бошотуу маселеси Биринчи май райондук сотунун биринчи отурумунда чечилет.

Эскерте кетсек, буга чейин Атамбаев Батукаевдин иши боюнча 11 жылга эркинен ажыратылган. Экс-президенттин адвокаты өкүм жокко чыгарылганы Атамбаев жакын арада бошотулушу мүмкүндүгүн билдирген.