Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке 18 талапкерди каттады
13 декабрь 2020

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке 18 талапкерди каттады

Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы президенттикке 18 талапкерди каттады. Мындай чечим 2020-жылдын12-декабрында өткөн жыйында кабыл алынганын БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул талапкерлер каттоодо мыйзамда каралган бардык процедуралардан өткөн: алар өзүн-өзү көрсөтүшкөн, мамлекеттик тилди биле турганын ырастаган сертификатты көрсөтүшкөн, кеминде 30 миң шайлоочунун колун топтоп, 1 миллион сом күрөө коюшту.

БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 18 талапкердин тизмесин жарыялады:

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич
Исаев Канатбек Кедейканович
Тагаев Рашид Бакирович
Байгуттиев Жеңишбек Сейитбекович
Сооронкулова Клара Сыргакбековна
Касенов Аймен Абдыталипович
Арстанбек Мыктыбек
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич
Ташов Имамидин Асамидинович
Асанов Курсан Сатарович
Иманалиев Каныбек Капашович
Жээнбеков Равшан Бабырбекович
Абакиров Элдар Курманбекович
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич
Толбаев Бабыржан Латиханович
Сегизбаев Абдил Кеңешевич
Жапаров Садыр Нургожоевич.

Эске салсак, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.