Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстанга өтүп кеткен малды ээлерине кайтарып берди
20 ноябрь 2020

Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстанга өтүп кеткен малды ээлерине кайтарып берди

КРдин Жалал-Абад облусундагы чек ара башкармалыгынын кызматкерлери жайылып жүрүп Өзбекстанга өтүп кеткен 51 баш майда мүйүздүү малды, 7 баш бодо малды жана 5 жылкыны жарандарга кайтарып берди.

17-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Булак-Башы айылынын тургуну чек арачыларга коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кеткен 51 майда жандыгын жана 7 баш бодо малды кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Эртеси Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сейдикум айылынын тургуну чек арачыларга Өзбекстандан жылкыларды кайтарып берүүнү өтүнгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү телефондон сүйлөшкөн. Анын жыйынтыгында табылган мал ошол эле күнү ээлерине кайтарылып берилген.