Кыргызстандык Рафаэль Физиев UFC 256 мелдешинде жеңишке жетти
13 декабрь 2020

Кыргызстандык Рафаэль Физиев UFC 256 мелдешинде жеңишке жетти

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Лас-Вегаста өткөн UFC 256 мелдешинде биринчи раундда бразилиялык атаандашы Ренато Мойканону нокаут менен жеңди.

Физиевдин жеңишти камсыздашы үчүн үч соккунун айкалышы чечүүчү ролду ойногон: ал ээкке жана башка оңдон, солдон катуу соккуларды узаткан.

Жеңил салмактагы беттеш Лас-Вегаста өттү.

«Эмне дээримди билбей турам. Айткым келгендин бардыгын, октагондо айттым окшойт» — деди Физиев мушташтан кийин берген маегинде. Азыр Физиевдин карамагында 9 жеңиш жана 1 жеңилүү бар. Ал эми Карнейронун эсебинде болсо 14 жеңиш, 4 жеңилүү жана 1 тең чыгуу бар.