Кыргызстан 33 мамлекеттин жарандарына чек арасын ачты
20 ноябрь 2020

Кыргызстан 33 мамлекеттин жарандарына чек арасын ачты

Жарандары Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген мамлекеттердин тизмеси отуз үчкө чейин кеңейтилди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Учурдагы тизмеге Россия, Грузия, Белоруссия, Латвия, Литва, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Ирландия, Исландия, Бельгия, Австрия, Улуу Британия, Италия, Швейцария, Швеция, Германия, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Венгрия, Словения, Катар, БАЭ, Кувейт, Япония, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея жана Пакистан кирет.

Тизмеге кирген өлкөлөрдүн жарандарына ал жактагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып, коронавирустун жаңы учурлары азайгандыктан кирүүгө уруксат берилген.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 21-августунан тарта кыргыз өкмөтү Россиянын, Грузиянын, Белоруссиянын, Азербайжандын, Армениянын жана башка бир катар мамлекеттердин жарандарына өлкөгө кирүүгө уруксат берди. 30-августта Өзбекстан да бул тизмеге киргизилген.