USAID Кыргызстанга ВИЧке каршы күрөшүүдө жардам берүүнү улантат
1 декабрь 2020

USAID Кыргызстанга ВИЧке каршы күрөшүүдө жардам берүүнү улантат

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги USAID PEPFAR программасы республикага ВИЧке каршы күрөштө жардамын улантат деп билдирди. Дипломатиялык өкүлчүлүк инвестициялар Кыргызстандагы коомдук кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде пилоттук инновациялык ыкмаларды, ошондой эле адамдардын ВИЧ-статусун коопсуз жана жашыруун аныктай алышы үчүн антиретровирустук терапияны жайылтуу жана өзүн-өзү текшерүүчү топтомдорду колдонууга багытталгандыгын баса белгиледи.

Муну менен катар USAID сегменттелген топтордун ишенимине кирген өкмөттүк эмес уюмдар менен иштеше берет. Мындан тышкары, ВИЧке каршы жардам жана дарылоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында СПИДге жана баңгиликке каршы борборлорго, алардын лабораторияларына жана үй-бүлөлүк медицина борборлоруна техникалык жардам жана аларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүлөт. Анын ичинде, баңгизатты колдонгон адамдар үчүн лабораториялык кызматтар жана дары-дармек терапиясы жөнүндө сөз болууда.

Статистикага ылайык, Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясынын 10 173 учуру катталган, анын ичинен 9,6 миң учур өлкө жарандарынын арасында болсо, 569 чет элдиктер арасында.