Кыргызстан COVID-19га каршы 1,2 миллион доза вакцина алууга арыз берди
25 декабрь 2020

Кыргызстан COVID-19га каршы 1,2 миллион доза вакцина алууга арыз берди

Өкмөттүн басма сөз кызматы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бекиткенден кийин алынган вакцина өлкө калкынын 20 пайыздан ашыгын эмдөөгө жетерин билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери расмий маалыматтар боюнча 73 миң 870 адамга оору жуккан.
COVAX — Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жана Вакциналар жана иммунизация боюнча Глобалдык Альянстын (GAVI) демилгеси, ал байлыгына карабастан бардык өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоого багытталган.

Буга чейин COVAX механизмине 184 өлкө кошулган. GAVI сайтында белгиленгендей, долбоордун максаты COVID-19га каршы вакциналарды иштеп чыгууну жана өндүрүүнү тездетүү жана ар бир өлкө үчүн дары-дармектерге акыйкат жана бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.