Кыргызстанда жыл башынан бери 29 террорист кармалып, эки кол салуунун алды алынды
25 декабрь 2020

Кыргызстанда жыл башынан бери 29 террорист кармалып, эки кол салуунун алды алынды

Жылдын башынан бери Кыргызстанда эки террордук чабуулдун алды алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Атайын кызматтын башчысы 29 террорист жана алардын шериктери, ошондой эле 28 экстремист кармалганын тактады. 35 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды, 19 чет элдик «жихадчы» өлкөдөн чыгарылды.

Мындан тышкары, 2020-жылы атайын кызматтын кызматкерлери жасалма чет элдик валютанын ири бөлүгүн кармоо менен террористтик ишти каржылоонун эки каналын токтотушкан.

«Үч жарылуучу зат, 13 даана ок атуучу курал алынды. 10181 экстремисттик басылма аныкталып, өчүрүлдү, тогуз веб-сайт жана канал жабылды», — деди ал.