Эксперт Баш мыйзамда Курултайдын пайда болушу боюнча пикирин айтты
20 ноябрь 2020

Эксперт Баш мыйзамда Курултайдын пайда болушу боюнча пикирин айтты

Бишкекте 2020-жылдын 29-октябрында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун конституциялык реформа жана демилгелерин колдоо боюнча Курултай өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жүздөгөн адамдар катышкан.

Иш-чараны Кыргызстан Аксакалдар Кеңеши, «Улуу Курултай», «Элдик Курултай» кыймылдары жана башка бир катар мекенчил уюмдар уюштурган.

Садыр Жапаров өзү курултайга катышкан эмес, бирок иш-чарага анын өкүлү Медет Бокоев катышкан. Жаңы конституцияда курултайга кеңешүүчү органдын орду берилген, ага бийлик өкүлдөрү отчет беришет.

Саясат таануучу Марс Сариев жаңы түзүмдүн пайда болушу тууралуу пикирин мындайча билдирди:

«Курултай кыргыз элинин тарыхында борборлоштурулган, демократиялык жол менен түзүлгөн башкаруу формасы жок маалда демократиянын үлгүсү катары жакшы ролду ойногон. Бүгүнкү күндө алар жолугушууларды жана талкууларды уюштуруп, коомдун көйгөйлөрүн билдирүү үчүн жана бийликке таасир этүүчү аянтча катары пайдалуу. Азыр өлкөдө Курултайдын ролу талкууланып жатат. Жалпысынан бул маселеге байланыштуу төрт жолду бөлүп караса болот. Мага курултайдын тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштарды жөнөтүүчү орган катары макамы оптималдуу көрүнөт, анткени Курултай коомдук маанилүү маселелерди ачык талкуулоону камсыздай алат. Ушундай эле орган катары Россияда түзүлгөн Мамлекеттик кеңешти айтсак болот. Иш жүзүндө Мамлекеттик кеңештин функциялары Курултайдын ролуна окшош».