Кыргызстандыктардын жарымынан көбү Курултайдын ишине катышууга даяр
20 ноябрь 2020

Кыргызстандыктардын жарымынан көбү Курултайдын ишине катышууга даяр

Кыргызстандагы Конституциялык реформаны талкуулоонун алкагында «Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши» коомдук бирикмеси жана «Таза Кыргызстан үчүн» жаштардын платформасы өз демилгелери менен телефондон социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Изилдөөнүн максаты жашоочулардын презденттин м.а. Садыр Жапаровдун Курултайга Кыргызстандын башкы сунуш берүүчү органы катары статус берүү боюнча маалымдуулугун билүү болгон.

Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү (51,3%) бул демилге өлкө үчүн пайдалуу деп эсептейт. 35,8%ы жооп берүүдө кыйналган. Ал эми 12,9%ы каршы экенин билдирген.

«Эгер сизди өкүл кылып тандашса Курултайдын ишине катышууга даярсызбы?» деген суроого кыргызстандыктардын 50,8%ы ооба деп жооп берген.

Изилдөө 2020-жылдын 8-ноябрынан 14-ноябрына чейин өлкөнүн ар бир облусунда жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Жалпы респонденттердин саны 6558 кишини түздү.