Бишкекте кинотеатрлар менен фудкорттор ачылды
2 декабрь 2020

Бишкекте кинотеатрлар менен фудкорттор ачылды

Бишкекте коронавирус пандемиясына байланыштуу сегиз айдан бери иштебеген кинотеатрлар кечээтен тарта иштеп баштады.

Белгиленген талаптарды эске алуу менен ишти улантууга уруксат берилди — бул бет кап тагынуу, тазалоочу каражаттарды милдеттүү түрдө колдонуу жана адамдарды шахмат түрүндө отургузуу керек. Ар бир сеанстан кийин бардык отургучтар антисептик менен тазаланат.

Кинозалдарга келгендерди отургузуу 50%дан ашпашы керек. Атайын кызматтар кинотеатрлардагы коопсуздук чараларынын сакталышына көзөмөл кылат.

Бишкекте кинотеатрлар менен катар фудкорттор жана компьютердик клубдар ачылды. Бишкек мэриясы борбор калаадагы чектөөлөр акырындык менен алынарын убада кылды.

Кинотеатрлардын жана фудкорддордун жетекчилеринин айтымында, узак убакытка иштебей токтоп калуудан зыян миллиондогон сом зыян келген.