Кытай Кыргызстанга өткөн автоунааларды көбөйтүүгө макул
2 декабрь 2020

Кытай Кыргызстанга өткөн автоунааларды көбөйтүүгө макул

Кытай 3-декабрдан тарта «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрүү пункттары аркылуу өткөн унаалардын санын көбөйтүүгө даяр.

Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысынын милдетин аткаруучу Артём Новиков менен Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунан кийин белгилүү болду.

Пекиндин өкүлү белгилегендей, Бишкектин бир нече ирет кайрылууларынан кийин Кытай тарап жумуш убактысынын көлөмүн 8ден 12ге чейин көбөйтүүнү, ошондой эле өткөрүү пунктун күнүмдүк иштөө тартибине өткөрүүнү сунуштап жатат.

Бул чаралар өткөрүү пунктарынан өткөн машиналарды күнүнө 30 унаага көбөйтөт деп күтүлүүдө. Элчи ошондой эле, «Эркечтамдагы» инфраструктураны жакшыртуу максатында Кытай тарап эки кампа куруп, контейнерлер үчүн кран орнотууну чечкенин айтты.

«Торугарт» өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү аба-ырайына байланыштуу экенин элчи белгиледи. Андан сырткары бул жердеги автоунаалардын өтүшүнүн төмөндөшү коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн көрүлгөн чараларга түздөн-түз байланыштуу экенине токтолду.