Ташиев УКМКнын тергөө абагындагы Атамбаевден кабар алды
25 декабрь 2020

Ташиев УКМКнын тергөө абагындагы Атамбаевден кабар алды

25-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевден барып кабар алды. Ал учурда аталган мекеменин СИЗОсунда. «Атамбаев ден соолугунун абалын эске албаганда, СИЗОнун кызматкерлеринин аракеттерине, кармалуу шарттары боюнча эч кандай дооматы жок экенин белгиледи», — деп билдирди УКМК.

Ташиев Атамбаевдин ден соолугун текшерүүнү буйруду. Андан кийин аны ооруканага жаткыруу боюнча чечим кабыл алынат. Эскерте кетсек, Ташиевдин жакында эле Атамбаев ден соолугуна нааразы болуп жаткандыгын, ошондуктан департамент аны тергөө абагынан ооруканага которуу маселесин карашы мүмкүн экенин айткан.

Буга чейин, Атамбаев алгач мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди ден соолугуна байланыштуу мыйзамсыз бошоткон деген айып менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Кийин өкүм жокко чыгарылып, иш кайра кароого жиберилген.