
Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө кубогунун финалына чыкты
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунун финалына чыкты. Спортчу 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашат.
Ал турнирге 1/8 финалдан баштап катышты, анда белоруссиялык Максим Казарскийди мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Чейрек финалда Шаршенбеков 2019-жылы Европа чемпиону болгон молдовалык Виктор Себануну 8:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда кыргызстандык Түркиядан келген Ахмет Уяр менен кездешип, 5:1 эсебинде жеңишти камсыздады.
Алтын медаль үчүн болгон беттеште Жоламан Шаршенбековдун атаандашы орусиялык Степан Марянян болот. Ал 2019-жылы Европанын чемпиону, Дүйнө кубокторунун жеңүүчүсү жана Европа оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү болуп эсептелет. Финалдык беттеш 14-декабрда өтөт.