Шайлоо учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт
6 январь 2021

Шайлоо учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети референдумга жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барууда.

Ыкчам штаб өлкөдөгү шайлоо алдындагы кырдаалды көзөмөлдөп, УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Негизги көңүл шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган чагымчыл аракеттердин белгилерин өз убагында аныктоого жана алдын алууга бурулат.

Ошондой эле, мамлекеттин стратегиялык маанилүү объектилерин террордон коргоо чаралары күчөтүлүүдө.

Мамлекеттик комитет жарандарды президенттик шайлоо жана референдум учурунда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын чыңалышына жана туруксуздашына алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды таратуудан алыс болууга үндөдү.