Шевченко аялдар арасында жылдын мыкты мушкери наамына көрсөтүлдү
6 январь 2021

Шевченко аялдар арасында жылдын мыкты мушкери наамына көрсөтүлдү

Валентина Шевченко UFC Россия жана Championat.com порталы тарабынан «Жылдын мыкты мушкери-2020» наамына көрсөтүлдү. Андан тышкары, бул наамды бразилиялык Аманда Нуньес, кытайлык Вейли Чжан, америкалык Маккензи Дерн жана бразилиялык Аманда Рибас ат салышууда.

Эске салсак, UFCде чемпиондук курду жеңип алгандан кийин Шевченко аны 4 жолу ийгиликтүү коргогон. Тактап айтканда, 2020-жылдын ноябрь айында Лас-Вегаста Женнифер Майяны жеңип алган. Калыстар ага бир добуштан жеңишти ыйгарышкан.