Мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга 40 млн сомдон аз каражат сарпталат
14 декабрь 2020

Мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга 40 млн сомдон аз каражат сарпталат

Кыргызстан БШКсы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумга 39,94 миллион сом сарпталарын билдирди. Тактап айтканда, бюллетендерди даярдоого жана аларды жеткирүүгө 20,124 миллион сом кетет. Аймактык шайлоо комиссияларына 12 миллион 816 миллион сом бөлүнөт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 5 миллион сом, ал эми мамлекеттик миграция кызматы 500 миң сом алат. Мындан тышкары, мамлекеттик каттоо кызматына 1,5 миллион бөлүнөт.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын төраймы Нуржан Шайлдабекова 2016-жылы референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөнүн айтып, анда 67 миллион сом сарпталганын билдирди. Ошентип, ал чыгымдар үнөмдөлүп жатканын көңүл буруп, БШК иш жүзүндө чыгымдар мындан дагы аз болот деген пикирде.

Эске салсак, референдум 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өтөт. Шайлоочуларга үч варианттан бирөөнү тандап алуу сунушталат:

президенттик республика;

парламенттик республика;

бардыгына каршы.