Путин: Россия Кыргызстанды турукташуу жолунда колдойт
3 декабрь 2020

Путин: Россия Кыргызстанды турукташуу жолунда колдойт

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы кырдаал турукташып жатканына канааттанганын билдирди.

«Биз Кыргызстандын ички саясий турмушунда болуп жаткан окуяларга дайыма тынчсыздануу менен көз салып турдук. Абал турукташып жатканына канааттангандыгымды билдиргим келет», — деди Россиянын президенти кечээ ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Россиянын лидери ошондой эле ЕАЭБдин жана ЖККУнун алкагында Кыргызстан өз позициясын өзгөртпөй турганын канааттануу менен белгиледи. «Бул өтө маанилүү, анын ичинде Кыргызстандын өзүнүн стабилдүүлүгү үчүн», — деп баса белгиледи Путин.

Россиянын президенти расмий Бишкекти Москва мындан аркы турукташуу жолунда колдой турганын айтып ишендирди. «Силерди мындан аркы турукташтыруу жолунда ар тараптуу колдойбуз», — деди Путин.

Ал ошондой эле, «Россия эки тараптуу кызматташууда Кыргызстандын экономикасын жана социалдык чөйрөсүн колдоо боюнча көп иштерди жасап жатат. Путин ошол эле учурда «эгер ички туруктуулук болбосо, оң натыйжаларга жетүүгө болбойт» деп белгиледи.

«Ошондуктан, биз президенттик шайлоо жана шайлоолор конституциянын жана шайлоо мыйзамдарынын бардык талаптарына ылайык, жогорку деңгээлде өтүшүнө абдан кызыкдарбыз», — деди Путин.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.